Коом

Британияда дүйнө жүзүндөгү эң кары адам, 112 жаштагы Роберт Уэйтон каза болду

Март айында Уэйтон улуту япон жана 112 жашка чыккан Титэцу Ватанабеден кийинки эң эле узак жашаган адам болуп калган.

Роберт Уэйтон  1908-жылдын 29-мартында Чыгыш Йоркширдеги Халл шаарында жарык дүйнөгө келген.

Уйэтондун небере-чеберелеринин айтуусу боюнча «Ал бардык адамдарга бир тууганына жасагандай мамиле жасап, адамдар бири-бирине сый мамиледе болуп, бири-бирин көздүн карегиндей сактоосу керек» — деп эсептөөчү.

Белгилей кетчү нерсе, Роберт өз өмүрүндө өтө көп дос күткөн. Саясат, теология, экология тууралуу кеп кылганды жакшы көрчү жана ушул жылдын март айында 112 жылдык мааракесин белгилеген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button