Коом

Индияда маймылдар коронавирустун үлгүлөрү бар канды тартып алышты (видео)

Индияда маймылдардын үйүрү медициналык кызматкерге кол салышып, андан бейтаптардын   COVID-19га оң натыйжасы бар канды тартып алышкан, деп билдирет 29-майда  Reuters, жергиликтүү бийликтердин маалыматтарына таянып. Бул туурасында Фонтанка маалымат порталы кабарлаган.   

Бул окуя ушул жуманын ичинде болгон. Нью-Делинин түндүгүндөгү, жетимиш чакырым аралыкта жайгашкан Мирут шаарындагы, мамлекеттик медициналык   колледждин кампусунун территориясында келаткан лаборантка, маймылдардын үйүрү кол салган.

«Маймылдар COVID-19дан дарыланып атышкан төрт бейтаптын канынын үлүгүлөрүн алып качышкан <…>  Биз анализдерди кайрадан алууга мажбур болдук», — деген колледждин кызматкери доктор С. К. Гарг.

Бийликтин маалыматына караганда, маймылдар кандын үлгүлөрүн төгүп алышканы, же төкпөгөнү белгисиз. Бирок, жашыл бактарга жамынган кампуска жакын жерде жашаган адамдар, вирустун андан ары тарап кетишинен коркушууда, анткени маймылдар үлгүлөрдү эл жашаган райондорго чейин алып кетип калышы ыктымал.

Гаргдын сөзү боюнча, түз контакта болгондо маймылдар бейтаптардын канынан коронавирусту жуктуруп алышы мүмкүнбү, же жокпу – белгисиз. Буга чейин бул жаныбарлар  COVID-19ду жуктуруп алганы  тууралуу маалыматтар жок.

https://www.youtube.com/watch?v=0qmov8-2jBA&feature=emb_logo

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button