Коом
Азербайжан өлкөсүндө карантин 1-июлга чейин узартылды
Азербайжан өлкөсү коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантиндик режимдин мөөнөтүн 1-июлга чейин узартты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн оперативдүү штабына таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
«Өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жана вирустун жайылуусунун көрсөткүчүн эске алуу менен карантиндик режимдин мөөнөтүн 1-июлга чейин узартуу чечими кабыл алынды. Карантин режиминин талабына ылайык, чек аралар жабык бойдон калат», — деп айтылат маалыматта.
Мааым болгондой, аталган өлкөдө коронавирус инфекциясын 8191 адам жуктуруп
алган. Алардын ичинен 98 адам каза болсо, 4606 адам сакайып чыккан.