Кылмыш-кырсык

Токмокто өспүрүм кыз өз өмүрүн кыйды

Токмок шаарында 15 жаштагы өспүрүм кыз курулуп бүтө элек үйдүн 9-кабатынан кулады. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 10-июнда саат 15:43тө милицияга 15 жаштагы кыз өмүрүнө кол салганы тууралуу билдирүү түшкөн. Өспүрүм кыз алган жаракатынан улам көз жумду.

«Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Милиция кызматкерлери маркум кыз буга чейин дайынсыз жоголгондордун катарына киргенин аныктады. Буга чейин анын атасы милицияга кайрылган. Анын айтымында, кызы 7-июнда туугандары менен урушуп кеткенден кийин үйүнөн чыгып кетип, кайра кайрылып келген эмес. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button