Коом

Кытайда таажы вирусун жуктургандар кайра көбөйүүдө

Кытайдын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада өлкөдө 57 киши коронавирус жуктуруп алганын билдирди. Бул эки айга жакын убактан берки суткалык эң чоң көрсөткүч.

Жаңы учурлардын 36сы Пекин шаарында катталды. Буга байланыштуу баш калаадагы азык-түлүк саткан «Синьфади» аттуу ири базардын иши убактылуу токтотулуп, жакын жайгашкан 11 турак-жай кварталында обочолонуу режими киргизилди.

Кытайда вирус азайгандан 50 күн өтпөй илдетке чалдыккандар кайрадан көбөйө баштаганы дарыгерлерди тынчсыздандырып жатат. Акыркы жети жумадан бери өлкөдө коронавирус күнүнө бир-экиден же таптакыр катталбай келген.

Өткөн жылдын аягында алгач таралгандан бери Кытайда коронавируска чалдыккандар 83 миңден ашканы расмий кабарланган. Алардын 78 миңден ашууну айыгып кетсе, 4634 адам көз жумду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button