Коом

Мурдагы депутаты Болот Шердин абалы дагы эле оор, комадан чыга элек

  Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шердин абалы дагы эле оор, комадан чыга элек. Бул тууралуу  Улуттук госпиталдын дарыгери, нейрохирург Миталип Мамытов билдирди.

Эске салсак, экс-депутат Болот Шер 12-июнга караган түнү инсульт алып ооруканга түшкөн.

«Бүгүн эртең менен дарыгерлер менен Болот Шердин абалын көрдүк. Ал-абалы дагы деле оор. Аппарат менен дем алып жатат. Кан басымы 160-170ке чейин көтөрүлүп кетүүдө. Мээсине кан куюлуп кеткен. Бүгүн борбордук жандандыруу бөлүмүндөгү өзүнчө палатага которгону жатабыз. Буга чейин шашып алып келгендиктен, жалпы реанимацияда болчу. Дарыгерлер колунан келген медициналык жардамын көрсөтүүдө», — деди нейрохирург.

Мамытов экс-депутаттын башына операция жасалбай турганын кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button