Коом

Бишкек шаарында санитардык талаптарды аткарбаган ишкерлерге 2,5 млн сом айыппул салынды

Бишкек шаарында санитардык талаптарды аткарбаган ишкерлерге 2,5 млн сом айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, 14-майдан тарта 23-июнга чейин шаарда көчмө топтор тарабынан 8 миң 899 объект текшерилген. Алардын жыйынтыгы боюнча 2 млн 528 миң 500 сомго эреже бузуулар боюнча 1 миң 176 протокол түзүлгөн.

“Менчик түрүнө карабай бардык ишкана жана уюмдардын жетекчилери санитардык эрежелерди жана талаптарды аткарышы керек”, — деди ал.

Ал талаптарды аткарбаган ишкана-мекемелердин иши убактылуу токтотуларын эскертип өттү.

Белгилей кетсек, учурда шаарда спорттук, мааракелик, майрамдык, массалык иш-чараларды өткөрүүгө болбойт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button