Саясат

С.Жээнбеков Трампка бекем ден соолук жана ийгилик, АКШ элине тынчтык менен өсүп-өнүгүү каалаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Американын президенти Дональд Трампты АКШнын көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, КРдин президенти Америка Кошмо Штаттарынын улуттук майрамы болгон көз карандысыздык күнү менен куттуктаган телеграмма жолдоду.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосунда калыптанган достук мамилелер мындан дагы тыгыз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө жакшы негиз түзөт деп ишенем. Өз кезегинде, Кыргызстан АКШ менен алаканы чыңдоо жана кеңейтүү үчүн мындан ары дагы бардык күч-аракеттерин жумшайт деп ишендиргим келет», — деп жазылган куттуктоодо.

Жээнбеков ошондой эле Трампка бекем ден соолук жана ийгиликтерди, АКШ элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button