Коом

Видео-Чубак ажы Жалиловдун сөөгү өзү туулган Бай-Мундуз айылында жерге берилет

Пневмониядан каза болгон экс-муфтий Чубак Жалиловдун сөөгүн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылына алып кетишти. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ажынын сөөгүн өлүкканадан алып чыккандан кийин ага жаназа окулду. Ага шаар тургундары катышты. Ажынын туулган айылында дагы жаназа окулат. Анын сөөгү Аср намазы окулганга чейин жерге берилип калат», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.



Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button