КоомМаданият

Акимжанова: «Мекен» тасмасы мага такыр жаккан жок. «0» деген баа бердим

«Мекен» тасмасы коомчулука чыгып, эл сынына коюлгандан бери сын пикирлер, каалоо-тилектердин аягы суюла элек. Айрымдары тасма Кыргызстандын чыныгы жашоосун чагылдырганын айтышса, кээ бири тасмада зомбулу, каада-салтта кездешпеген көрүнүштөр коошпой калганын жазып чыгышты. Блогер Рысгүл Акимжанова тасманы көрүп, төмөнкүдөй оюн жарыялады.

Эгер маселени кино кылып чыгарам, толук чагылдырам дей турган болсо, анда режиссёр ошол маселени толук изилдеп чыгыш керек, жана ошонун баарын обработка кылыш учун өзүнүн билим деңгээли жетиштуу болуу тийиш. Автор кайсы гана чыгарма болбосун, өзүнүн идеясын, айтайын деген жалпы месседжин өзүнүн чыгармачылыгы аркылуу чагылдырат.

«Мекен» тасмасынын жалпы месседжи мага жаккан жок. Элдерге окшоп майда-чүйдөсүн талдабай эле коеюн, жалпы айтам. Кинодо эл мыйзамдуулукту кимден талап кылып атат? Инвестордон! Кимден талап кылыш керек эле? Бийликтен! Инвестор эч качан бирөөнүн жеринде уруксатсыз келип алып өз билгенин кыла бербейт. Бийлик уруксат берген нерсени гана жасашат. Инвестор-злодей, баскынчы, эл-жертва кылып тарткан! Бул туура. Бирок, инвесторлого сатылган, элди дайыма кыйнаган, ушул таз кейпибизге келтирген, кашанын баарын кылган ким? Бийлик! Алар жөнүндө образ кинодо барбы? Ныпым нерсе жок. Проблеманы көрсөтөм деп кино тартканга жараша, тартпайбы бут баарын. Бир тарапты сыйпалап, көрсөтпөй, унутуп калгансып көрмөксөн болуп, куноонун баарын инвесторго чаптап салбай. Бир тараптуулуу коркок кино, маселени акырына чейин көрсөтө алган эмес, баарына көнөөлүү болгон системанын образын ачкан эмес, проблеманы көрсөткөн эмес, на чувство давить эткен кино! Месседжи туура эмес кино!

Кинодо бай, бизнесмен, инвестор ушунчалык терс каарман кылып, аны алы жетишинче көркөмдөгөн. Биз качан «совоктук» көз караштан айрылабыз? Байлар, Бай болуш, бизнес кылыш, акча жаман деген, кедей, жакырчылык жакшы деп Советтик идеологияны эмдигиче карманып келе жатабыз. Междганапрочим, именно бизнесте мындай журум-турум кечирилгис ката болуп эсептелет. Бизнесте эмне гана болбосун-баары тен ата! Сен мага, мен сага, партнёрство-башка мамиле катачылык. Бирок, чиновниктерде мындай журум-турум наоборот популярный жана ушундай мамилени көтөрүшөт.

Кинодогу инвестор келип, жаратылышка, элге зыянын тийгизди. Ошол инвестордун сөзу бар «мага бер, тигиге бер, бул кагазга бер, тиги чечимге бер деп менен акча сурай бербегенде, ал акчага заманбап Лаборатория курмакмын» дейт! Ошондо инвестор жаман эмес эле, өзүбүздүн кыргыздар чиновниктер күнөөлүү, жаман болгон болобу? Ал инвесторду ошол шарт мн ким алып келди? Анда неге инвесторго согуш жарыялап, талкалап атышат? Түпкү күнөөлүнү көрө албай, үстүртөн ойлогон маргиналдардын көз карашын режиссёр чагылдырыптыр. Эл дайыма эле туура. Бирок, элдин башында турган киши сөзсүз билимдүү, кен ойлоно ала турган, өзүнүн талабын туура кое билген, лидер болуш керек. Бардык маселе мыйзам жолу менен чечилиш керек, жанакындай баскынчы, жулуп алуу, агрессия, мародёрствону жакшы деп корсотконду токтотуш керек. Ура-патриотизмди, синофобияны негизи токтотуш керек. Идея-0, сценарий-0, актерская игра-0. Баса, ортодогу эки бандит каяктан келди, кимдики,алар кимдер?

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button