Коом

COVID-19 илдети менен күрөшүүдө Кыргызстанга Катар өлкөсү гуманитардык жардам көрсөттү

Бүгүн, 2020-жылы 3-июлда “Манас” эл аралык аба майданына Катар өлкөсүнөн жөнөтүлгөн гуманитардык жардам түшүрүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жакынкы чыгыштагы мамлекет КР Саламаттык сактоо министрлигине 420 даана кычкылтек концентраторун кайтарымсыз жардам катары берди. Аманаттын жалпы наркы 250 000 долларды түзөт.

Катар өлкөсүнөн келген медициналык жабдууларды КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев башында турган делегация кабыл алды.

“Бизге берилген медициналык жабдуулар миңдеген кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Анткени кычкылтек — коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптарга керектүү химиялык элемент болуп эсептелет. Биз гуманитардык жардам көрсөткөн Катар мамлекетине ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, деди КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев.

Ал, кабыл алынган жабдуулар кычкылтек концентраторлору керек болуп жаткан медициналык мекемелерге таратылаарын кошумчалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button