Кылмыш-кырсык

Ошто айдоочуну эс-учун жоготкуча сабап, 42 миң сомун жана буюмдарын карактап кетишкен

Ош шаарында кара-суулук жаранды ур-токмокко алып, анын акчасын жана буюмдарын карактап кеткен жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.

Окуя 29-июлга караган түнү Ош шаарынын И.Раззаков көчөсүндө катталган.

Ош шаарынын эки тургуну жабырлануучу Т.Х. башкарып бара жаткан унааны жолдун жээгине кысып токтотуп, себепсиз ур-токмоко алышкан. Анын кесепетинен Т.Х. эс-учун жоготуп койгон. Аны А.Шакиров көчөсүндөгү эс алуучу жайга алып барып, «Samsung A40» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, 42 миң сом акчасын жана кол саатын тартып алып, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренеси (Каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Бүгүнкү күндө кылмышка шектелип 31 жаштагы К.З. жана 26 жаштагы М. уулу Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аталган эки жаран 2014-жылы Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 105-беренеси (Саламаттыкка атайлап анча оор эмес залал келтирүү) менен соттолгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button