Коом
Бир суткада 234 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты
Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 234 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 28-августтагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы айыккандар:
— Бишкек шаарында 104 адам;
— Ош шаарында 10 адам;
— Чүй облусунда 20 адам;
— Ош облусунда 25;
— Талас облусунда 4;
— Нарын облусунда 3;
— Ысык-Көл облусунда 22;
— Жалал-Абад облусунда 32;
— Баткен облусунда 14 адам.
Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 37 миң 726 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.
Жалпысынан 43 миң 587 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган.