Коом
Алматы-Бишкек-Алматы каттамы 20-сентябрдан жанданат
Кыргыз Республикасы менен Казахстан Республикасынын ортосундагы авиациялык бийликтердин келишимдерине ылайык, эки өлкөнүн үзгүлтүксүз каттамдар 2020-жылдын 20-сентябрынан баштап кайра жаңыланат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алматы-Бишкек-Алматы каттамды жумасына эки жолу ишемби жана жекшемби күндөрү «Эйр Астана» авиакомпаниясы аткарат.