Саясат

Президент Сооронбай Жээнбеков Россияга визит менен барат

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Россияга визит менен барат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-отурумунда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук билдирди.

«Биз Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Россияга боло турчу визитине активдүү даярдануудабыз. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр кыргыз-орус кызматташтыгын активдештирүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем», — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button