Коом

Акылдуу айымдын 9 белгиси

Баары эле абдан акылдуу болгусу келет, жок дегенде акылдуу көрүнгүсү келишет. А, чынында акылдуу болуу жакшыбы? Бул эми талаштуу суроо. Акылдуу айым кандай болот?

1. Акылдуу айым эч качан өзүн акылдуу сезбейт. Биринчиден, эркектердин көбү акылдуу айымдардан коркушат. Ошондуктан, аларды коркутуп алуудан сактанат. Экинчиден, дайыма эле акылдуу көрүнө берген, акылдуу фразаларды айта берген айымды же кызды эч ким жактыра бербейт. Жыйынтыгында акылдуу ою менен өзү жалгыз калышы мүмкүн. Кандай болгон күндө да, айымдардын акылына эмес аны пайдалана билүүсүнө көбүрөөк басым жасаш керек. Акылдуу айымдар акылын туура учурда, туура пайдалана билишет. Жогорку интеллекттүү айым акылын майда барат иштерге эч качан коротпойт.

2. Акылдуу айым эркектин жанында өзүн өйдө коюп “МЕН” дебейт. Болгону, эркектин жанында акылсыз айым жүрбөгөнүн тымызын далилдейт.

3. Акылдуулар көп жерде өзүн “стерва” көрсөтүшөт. Себеби, жумшак кишиге баары сөйкөнө берет эмеспи. Ал эми өзү жан дүйнөсү менен жакшы көргөн адамына андай жагьін көрсөтө албайт. Айымдардын акылдуусу адамдардын жакшы-жаманын аңдай билет. Кандай учур болбосун ким кас, ким дос, кимдики туура жана кимдики туура эмес экенин так билишет. Эгерде акылдуу айым жаман иштерге барып калса, анда ал жигин билгизбейт.

4. Тилекке каршы, көпчүлүк акылдуу айымдар жеке жашоосунан аксап келишет. Себеби, алар жеке жашоосунан да карьерасын көбүрөөк ойлончулар. Жогоруда айткандай, андай айымдардан эркектер качышат.

5. Бирок ар бир акылдуу кыз “көк байпак” имиджин колдонбойт. Коко Шанель: “Эгер айым 30 жашка чейин сулуу боло албаса, анын мээси жок” – деп айткан. Өзүн-өзү сүйгөн айым ал жөнүндө билет жана такай куралданып жүрөт. ЗОдан ашкан айымдардан корксо болот. Себеби алар жаш жана сулуу бирок, мурункудай жеңил ойлуу эмес. Жаш өткөн сайын айымдарда акыл менен сулуулукту айкалыштыра билген жөндөмдүүлүк пайда болот. Бирок, ал кайсы убакта экөөнү айкалыштырбасын, акылы артык болот.

6. Акылдуу айым убакытты жана башка жашоо берген ресурстарын туура пайдалана билет: киреше, жөндөмүн, билимин жана пайдалуу таанышууларды. Акылдуу болуп төрөлбөйт, акылдуу болуп калат. Ар кандай аракеттерден жана каталардан кийин, текке кетпеген убакыттардан кийин акыл толо баштайт.

7. Акыл кайда болсо, ал жакта жакшы юмор жана тамаша болот. Акылдуу айым ар нерсени айтып ырсалаңдап тамашалабайт. Анын ар бир сөзү жана тамашасы алтынга барабар. Аз мактайт, бирок жан дили менен мактайт. Ал өзү кандай ойлоп жатса ошону гана айтат. Мурдун ар кимдин табагына мала бербейт.

8. Ал өзүнүн айтканы туура экенин далилдеп ар ким менен кыйкырышып-өкүрүшпөйт, талашпайт. Жөн гана акырын жылмайып түшүнбөгөн кишиге нервин коротуп отурбайт.

9. Акылдуу айым дайыма анын күчтүү, акылдуу тарабы жакшы көрүнүп, алсыз жагы көрүнбөй тургандай иш алып барат.

Булак: «Багыт»

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button