Коом
Өткөн суткада COVID-19дан каза болгондор катталган жок
Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда стационарларда 761 бейтап, ал эми 1484 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. Акыркы эки жумадан бери өлкөдө коронавирустан каза болгондор каттала элек.
Кыргызстан пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпы 1064 адам каза болду.