Коом
Жогорку Кеңеш ноутбуктарды сатып алууга 6,6 миллион сомдон ашуун каражат сарптайт
Жогорку Кеңеш жаңы ноутбуктарды сатып алууга 6 667 825 сом сарптоону пландап жатат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы маалымдайт.
Анын айтымында, парламенттин иш башкармалыгы тендер жарыялаган. Жалпысынан 143 ноутбук, анын ичинен 135и конференц-зал үчүн (5 миллион 909 миң 625 сомго) сатып алуу пландалып жатканы белгиленди.
Мындан тышкары, парламент 12 LED мониторду 71 400 сомго сатып алууну каалайт.