Коом

«Тең мүмкүнчүлүктөр» социалдык борбору 700 үй-бүлөгө азык-түлүк топтомун жана жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

700 аз камсыз болгон, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө, улгайган жана майыптыгы бар адамдарга азык-түлүк топтому жана жеке коргонуу каражаттары тапшырылды.
Ошондой эле, Бишкек шаарында иштеген 84 социалдык кызматкерлерге коргоочу костюмдар, тазалоочу каражаттар, медициналык маскалар жана азык-түлүк топтомдору берилди.
Гуманитардык жардамды «Тең мүмкүнчүлүктөр» социалдык борбору көрсөттү. Мындан тышкары, аталган борбор улгайган адамдарга жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга мобилдик тиркемелерди колдонууну, компьютердик сабаттуулукту үйрөтүүдө, угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орношуусуна жардам көрсөтүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button