Коом

Екатеринбург шаарында “Энелер күнүнө” арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

28-ноябрда Екатеринбург шаарында “Энелер күнүнө” арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Кыргызстан-Урал” жана “Евразия-Казакстан” Свердлов облустук коомдук уюмдары уюштурган “Энелер күнүнө” арналган салтанаттуу иш-чарага КРнын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери катышты.

Диаспоралык бирикмелердин күчү менен коноктор үчүн кыргыз, казак жана орус тилдериндеги ыр-бий коштогон концерт уюштурулду.

Вице-консул Чолпонай Аджиматова өзүнүн кыскача сѳзүндѳ энелерди майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубат жашоо каалады жана Башкы консулдуктун атынан көп балалуу энелерге белектерди тапшырды.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларын 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөөрү тууралуу маалымдап, кыргызстандыктарды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерип, өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн консулдук жана биометрикалык каттоодон өтүүгө чакырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button