Коом

Биринчи жолу Конституция кыргыз тилинде жазылып жатат

Биринчи жолу Конституция кыргыз тилинде жазылып жатат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин мүчөсү Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, кайсы Баш мыйзам менен жашай турганыбызды эл чечет.

“Ишибизге анализ жүргүзүп, Конституцияны коңшу Казакстан, Россия өлкөлөрүнүн Баш мыйзамдары менен салыштырып жатабыз. Баса белгилеп кетчү жагдай, Конституция кыргыз тилинде жазылып жатат. Буга чейин ал орус тилинде жазылып, кыргызча которулганда мааниси өзгөрүп кетчү. Учурда ар бир сөз талкууланып жазылууда”, — дейт ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button