Коом

Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун аудиокитептеринин жыйнагынын бет ачары болуп өттү

Бүгүн, 8-декабрда Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун аудиокитептеринин жыйнагынын бет ачары болуп өттү. Бул иш-чара улуу жазуучунун туулган күнүнө карата уюштурулган. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов академиясынын өкүлү Нурболот Азаматов маалымат жыйынында билдирди.

Демилге журналист Эрнис Кыязовго таандык. Беш электрондук жыйнакта Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармалары камтылгандыгы белгиленди. Алардын бири жазуучуга жана көрүнүктүү ишмер Асан Ахматовдун жээнине берилди. Калганы Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп берилет.

Белгилей кетсек, 12-декабрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Ал Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы жылы жарык дүйнөгө келген. Чыңгыз Айтматов 12-декабрда 92 жашка толмок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button