Кылмыш-кырсык

Төрт жашар бала оюнчук жутуп алып чарчап калды

Ош облусунун Кара-Суу районунда төрт жашар бала ойноп жатып желим ышкырыкты жутуп алып чарчап калды. Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан тастыкташты.

Окуя кечээ, 17-декабрь күнү Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айылында болгон.

«Төрт жаштагы М.А. аттуу бала өз үйүндө желим ышкырыгы менен ойноп жатып, аны кокусунан жутуп алган. Үйүндөгүлөр өз алдынча жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок бала 20 мүнөт аралыгында каза болуп калган», — деп айтышты маалымат кызматынан.

Милициядан бөбөк каза болгондон кийин апасы эс-учун жоготуп, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жеткирилгендигин айтышты.

Туугандарынын баланын сөөгүн соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тарткандыгын кошумчалашты.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button