Коом

Акыркы суткада коронавирус 191 адамдан табылып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 191 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 64 адамдан, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 46, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда 5 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 294 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 77, Ош шаарында – 32, Чүй облусунда – 76, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 30, Баткен облусунда 14 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен бир адам каза болгон: Бишкекте бир киши.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 93 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 756 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 3, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 114 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 918 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 34 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 75 миң 918 киши айыгып чыкса, 1 миң 355 адам каза болду.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button