Саясат

Кореянын лидери Садыр Жапаровду куттуктады

 Корея Республикасынын президенти Мун Чжэ Ин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасы 1992-жылы дипломатиялык байланыштар түзүлгөндөн бери достук мамилелерди өнүктүрүп келишүүдө. Анын ичинде 2019-жылдын июль айындагы Түштүк Корея Премьер-министри Ли Нак Ёндун расмий иш сапары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө өбөлгө болду.

Өткөн жылдагы COVID-19га байланыштуу түзүлгөн оор кырдаалга карабастан, Түштүк Корея менен Кыргызстан пандемия менен күрөшүүгө биргелешип күч-аракет жумшашкандыгын жогору баалайм. Мындан ары дагы тыгыз кызматташабыз деп ишенем.

Сизге чың ден соолук, бакубатчылык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чексиз өнүгүүсүн каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button