Коом

Лейлекте 9–11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө «Туура кесип тандоо – келечекке карай жол» аттуу дискуссия өттү (сүрөт)

29-январь 2021-жылы А.Навои атындагы орто мектебинде 9–11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө «Туура кесип тандоо – келечекке карай жол» аттуу дискуссиялык «WorldSkills-Баткен» жаштар кыймылынын презентациясы өткөрүлдү.
Бул иш-чарага «Ата-Журт» гезитинин редактору Абдулаат Дооров, Лейлек РИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча укук инспектору, милициянын ага лейтенанты О.Камбаров, Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врачы Г.Азизовдор  келип катышып, бүтүрүүчүлөргө, жаштарга кесип тандоо боюнча ар тараптуу маалыматтарды беришип, баалуу кеңештерин айтышып, суроолоруна жооп беришти.
Иш-чара «Баткен областындагы миграцияга дуушар болгон калктын аярлуу топторундагы атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн социалдык инновация» долбоорунун алкагында, FSDS Фонду менен биргеликте өткөрүлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button