Кылмыш-кырсык

Иштетилбеген шахтадан өрт чыгып, кесепетинен 243 кой-эчки өлгөн

Кадамжайда иштетилбеген шахтадан өрт чыгып, кесепетинен 243 кой-эчки өлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-февраль күнү саат 12:00 чамасында Баткен облусунун Кадамжай шаарынын Сурьма комбинаттын аймагындагы иштетилбеген шахтасынан өрт чыккан. Шахтанын ичин жергиликтүү тургундар мал кармоого пайдаланылып келген. Өрттүн кесепетинен 243 кой-эчки өлгөн.

Куткаруучулар тосмо орнотуп, тургундардын макулдугунун негизинде 243 кой-эчкини шахтанын ичинде көмүп кетишкен.

Жабыркаган жана каза болгон адамдар жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button