Коом

Шашылыш билдирүү: 8-10-февралдарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Шашылыш билдирүү:  8-10-февралдарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады. 

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы болжолдонууда. 8-февралда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-9-февралдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-февралда зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү  жүрөт. Мындай туруксуз аба ырайы, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button