Коом

Жогорку сот К.Самаковго карата өкүмдү жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү

Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлдү.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 3-февралындагы токтому менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы экс-депутат Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, жазык иши жаңыдан кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, экс-депутат К.Самаков жана башка жактар 2008-жылы Чүй облусунун Аламедин районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарындагы жалпы аянты 262 гектар болгон жерди мыйзамсыз өздөштүрүп алууга айыпталган.

2015-жылы “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ушул жылдын башындагы соттук процесстин жүрүшүндө прокурор Карганбек Самаковго 19 жыл эркинен ажыратууну, Чудинов жана Айдаралиевге – 11 жыл, Курманбек жана Жаныш Бакиевдерди 18 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button