Коом

Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору чини ыйгарылды

Чүй Облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору чини ыйгарылды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилүү болгондой, Самат Курманкулов 2019-жылдын 7-августунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевди суракка мажбурлап алып бара жатканда,  Курманкуловдун башына таш менен урушкан. Ага 2  ирет операция жасалган. 2019-жылдын 12-августунда  дарылануу үчүн  Москвага кеткен.  Ал жакта дарыгерлердин жардамы менен  ал өзүнө келип, өз алдынча басып, тамак жеп калган.

Эске салсак, буга чейин Кашкар Жунушалиев  Курманкуловду “Эрдик” медалы менен сыйлаган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button