Саясат
Эркин Тентишев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
Эркин Тентишев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Эске салсак, буга чейинки өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров башка кызматка которулганы айтылган. Бирок кайсы кызматка которулуп жатканы азырынча белгисиз.