Коом

Жол эрежесин бузуу боюнча 26,4 млн сом айып пул өндүрүлдү

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 3 айдын ичинде 88 миң 299 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-чейрегинин жыйынтыгы менен Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматы тарабынан 88 миң 299 бузуулар жөнүндө протоколтор толтурулуп, бул көрсөткүч өткөн жылдын 3 айына салыштырмалуу 58 миң 504 протоколго көп толтурулган.

Алардын ичинен:

— Айдоочулук күбөлүгү жок жана авто унаага тийиштүү документтери жок авто унаа башкаруу 1074;

— Мас абалында авто унаа башкаруу 923;

— Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүттөп айдоо 183;

— Тийешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган ТКны башкаруу 95;

— “Коопсуз шаар” долбоору боюнча 1164 ;

— Авто ээнбаштык 15;

Башка жол эрежесин бузуулар 84 845 6225 авто унаа ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн, убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Ал эми 2021-жылдын 3 ай ичинде түзүлгөн протоколдорго 121 млн 621 миң сом айып пул салынып, бүгүнкү күндө 26 млн 487 миң 430 сом өндүрүлгөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button