Коом

Токаев Баткен облусунда курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 1-майда, телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Телефон аркылуу сүйлөшүү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен ишке ашты.

Баарлашуунун жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен ынак коңшулук, өнөктөштүк жана боордоштук маанайда жөнгө салуунун маанисин баса белгиледи.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button