Саясат

Чек арадагы чыр. Баткенде курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 8-майда, Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үйлөр курула баштады.

Ошону менен бирге жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугушууда президент Садыр Жапаров белгилегендей, калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталат — жергиликтүү тургундардын бузулган үйлөрүнүн ордуна жаңы заманбап турак жайлар курулат.

Ошондой эле талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери башталат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button