Коом

Россияда бир суткада 12000ден ашуун адамдан COVID-19 аныкталды

Россияда акыркы суткада коронавирустун жаңы 12505 учуру аныкталды. Пандемия башталгандан берки жалпы саны 5 180 454 түздү. Бул тууралуу ыкчам штаб өзүнүн Telegram каналында жарыялады.

Жугуштуу оорулардын саны 2021-жылдын февраль айынан бери биринчи жолу 12 миңден ашты.

Илдет Москва шаарында (5853), Санкт-Петербургда (863) жана Москва облусунда (837)  көп аныкталган.

Акыркы суткада 396 адам, пандемия башталгандан бери жалпысынан 125 674 адам көз жумган.

Эске салсак, Москвада бийлик коомдук жайларда маска жана кол кап кийип жүрүүгө, ошондой эле ишканаларга санитардык нормалардын сакталышына көзөмөлдү күчөттү.

Буга байланыштуу, бүгүнкү күндөн баштап жарандардын жеке коргонуу каражаттарын коомдук жайларда, анын ичинде коомдук транспортто, метродо, соода жана көңүл ачуу борборлорунда, ошондой эле жарандардын башка эл көп чогулган жерлерде колдонушун көзөмөлдөө күчөтүлөт.

Жарандар тарабынан талаптар бузулганда 4 миңден 5 миң рублга чейин айыппул салуу каралгандыгын эске салды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button