Маданият

«Айтыш»: Идирис Айитбаев баш байгеге ээ болду

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган айтыш кечээ,20-июнь күнү Бишкектеги улуттук филармонияда болуп өттү.

Айтышка жалпысынан 12 акын ат салышып, арасынан финалга төртөө чыгып, төмөнкү төкмөлөр жеңишке жетишти.

Баш байгеге Идирис Айитбаев  ээ болсо, биринчи орунга Акматбек Султан уулу, экинчи орун Жылдызбек Төрөканов, Кубат Тукешов үчүнчү орунду ээледи.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган Айтыштын байге фонду 1 миллион сомду түзгөн.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button