Баары жакшы болчу, ооба, ойдогудай эле. Анткени балдар айылда болуп бизге тоскоол болгон эч ким жок эле да.

Жайкы эс алуу башталып, балдарым айылдан келгенден  тартып мамилең кадимкидей өзгөрө түштү.

– Балдар бизге тоскоол болбойт. Өз балдарымдай багам, мага сен болсоң эле болот, –деген сөздөр желге учкан жалбырактай жоголду.

Экөөбүз таанышып, сүйлөшүп калган күндөн тартып балдарым бар экенин, сен үйлөнө электигиң, ата-энең ыраазылыгын бербей турганын айткам.

“Мен эркекмин сөзүмду эки кылбайм”,  дегениң менен, жөн гана мени пайдаланып жүрүптүрсүң.

Анын баарын сезгем, бирок, мен да  сага көнө түшүптүрмүн. Менден төрт жашка кичүү болгонуң менен менден акылдуу экенсиң. Эки баланын энесин оңой эле алдап кеттиң.

Бир чети, подьезде чогуу жашаган молдо чалыш байкеден коркуп сага ыктадым.

– Карындаш… кандайсыз, шашлык жеп келели, – дегенде эле түңүлгөм ал кишиден.

Катуу айтып да көрдүм. Жабышып такыр болбогондо, сени үйгө ошол адам көрсүн деп эле ээрчитип келгем.

Окуган намазын бетине кармаган менен, азыр эркектер кыйла бузулуптур. 50гө таяп калган адам  кызындай болгон мага кантип дити барып сөз айтат деп кээде жиийркенип кетээр элем.

Бир күнү ачык эле жапжаш кызды ээрчитип келди. Шаракташып таң атканча көңүл ачып отурушту. Дубалдын ары жагынан алардын үнү даана угулат.

Байкуш аялына боорум ачыйт. Шаарда иштеп жүрөт деп ойлойт да. Кайдаан, ал эже телефон чалганда бакырып, өкүрүп, кыйратып жатканын айтат. Өзү болсо жүргөнү бул.  Ушундай ирээнжиткен иштери менен анан кантип намаз окуйм деп дават айтып калат.

Ошол кишинин көзүнө жалгыз эмесмин дегендей кыр көрсөтөм деп сени эки ирет үйгө алып кирдим. Бирок, табият деген, жаратылыш деген пендесин ошондой жаратса керек. Бир кезде эки бала менен таштап, башканы ээрчип кеткен эркегиме таарынып жүргөн жаным, сенин ысык илебиң, жылуу мамилең алдында ээрип кеттим. Биз бири-бирибизге ынак болуп, көрүшпөсөк туралбай калган абалга жеттик. Билем, туям бул мамиленинин келечеги жок, күнөөгө батып жатам…

Биздин бул жылуу мамиле мынтип балдар мага келген соң суу сепкендей соолуп баратат.

Бирок, сенин келечегиң алдыда, сага бакыт каалаган менен, сени көчөдөн башка бир татынакай жапжаш селки менен көрүү мен үчүн оңойго турбайт…