Саламатсыздарбы “Кадам-медианын” жамааты. Сиздерге үч-төрт  күндөн бери өзөгүмдү өрттөп, санаамды санга бөлүп, жан дүйнөмө бүлүк салган окуяны баяндагым келди. Мүмкүн болсо менин ким экеним сыр бойдон калсын. Менин  төмөндө айта турган ойлорум бирөөнү жамандап, күнөө жаап каралоо эмес. Болгону ушундайлардын айынан коом бузулуп, көпчүлүк айымдардын жашоосуна балта чабылып жатканы. Сөз башынан болсун.

Күн суутуп кыш келгенде балдар үшүбөсүн деп, көп кабаттуу үйлөрдүн бирине батирге чыктык.  Чынында батирге көчүүбүздүн өзү да кызыктай башталды. Жолдошум интернеттен тапкан номерге чалып, үйдүн кожоюуну менен баасын келишип, дароо эле көчүп бара турганыбызды айттык. Эже таң калып эле “алгач үйдү келип көрсөңөр болмок” деген бойдон кала берди. Арадан эки саат өтүп  өтпөй айтылган дарекке келдик. Машинабыздын арты толо оокаттар. Жолдо келе жатып “бактыбызды сынап көрөлү кандай үй туш келсе да” деп кооптонуп келаттык. Биз жашай турган үй төртүнчү кабатта экен. Бактыбызга жараша ошол секциядагы эң эле чоң бөлмө буйруптур. Кошуналар да тынч жакшы адамдар экен.

Пескоблок менен курулган ным жыттанган суук бөлмөгө караганда, төртүнчү кабатта дарактар менен бойлошуп жашаган алда канча жакшы көрүндү. Терезеден сыртты карасаң салкын соккон шамалга каалгый учкан жалбырактар көрүнөт. Күн суутуп баштаганда бош батирлерге башкалар келе башташты. Четтеги бөлмөгө жашы 50 гө чукулдаган арык чырай байке келди. Негедир ошол келгени андан негатив маанай сезиле бере турган болду.

-Үй бүлөм айылда, өзүм бул жакта Дордойдо иштейм, намаз окуйм-дептир жолдошум менен таанышканда.

Өз үйүң болбогон соң, ажаатканага, душка кезек күтмөй. Ага да ыраазы болуп, сулуусунан жылуусу деп жашап жаттык.

Кезектешип ашкананы жыйнамай, ажааткана тазалап жуумай. Биз аялдар үчүн бул маселе деле эмес, бирок баягы жалгыз жашаган байке кезеги келгенде эле мүнөзүн көрсөтүп чыгат. Ар кимге акча сунуштайт, анысы да жарыбаган акча. Башында мейличи деп жашын сыйлап жууп бергендер да болду.  Бир күнү кошуна келиндердин бирөөсү, “байке колуңуздан келет өзүңүз эле жууңуз, сиз берген каражатка дары сатып алууга мүмкүн эмес, анын үстүнө үйүңүзгө көп киши келет экен, кокус оору жукса ал акча дарыга да жетпейт”  дептир. Ошондон тартып өзү жууп баштады.

Бирок, душка кирээрде башкаларды көзгө илбей ич кийимчен чайпала басып, келиндердин көзүнчө уялбагандан өзүң уял деп кирип кетет. Кайра чыгаарда кичинекей көк полотенцасын көчүгүнө ороп бөлмөсүнө кирип кетет. Мунун намаз окуган ары кайсы деп жакабызды кармап кала бербебиз  келиндер.

Ошол байке бир күнү түн биро оокум үч досу менен шаракташып мас келди. Мейли пенде да, көңүл ачкан чыгар деп койдук. Бая күнү бир келин душта жуунуп жатса чакчелекейде душтун эшигин ачып үстүнө кирип барыптыр. Негизи душта бирөө жуунуп жатса суунун акканы, эшиктин жабык турганы көрүнүп эле турат да.

Секцияда чуу башталды. Тиги келин душтан чыгып байкени укмуш сөздөр менен каргады. Туура кылды, сакалы саксайып калганда намазга шылтап ар кимдин аялын аңдыган жашы эмес да. Ал келиндин жолдошу “байке бул эмне кылганың” десе “даарат алайын дегем” деп кутулуптур.

Байкуш келин бир топ өзүнө келе албай кыйла күн кыйналды.

— Эстеген сайын жаман болуп денем калтырап, кан басымым түшүп жатат. Денемди жат киши көрсө ушунча стресс болдум, жанагы зордолгон кыздардын абалы кандай экенин түшүндүм. Жанагы желмогуз көзүмө көрүнгөн сайын барып тепкилеп уруп, муунтуп салгым келет,- дейт. Ал жолдошум жумушка кеткенин качан келээрин байкап жүргөн, тийишип сынап көрөйүн деген ойдо атайын эле эшикти ачты, эшикти катуу бекиткен элем кантип ачылып кетти? Күч менен тартыбы, даарат алгандай колунда чөөгүнү жок болчу,-деп келин айтат.

Сакалың өрттөнгүр бир бүлөнү бузуп кое жаздады. Эркектин ою да жаман да, “өзүң эшик жапкан эмессиң, өзүн повод бергенсиң” деп ал келиндин жолдошу канча сөз айтты. Кокус эки жаш ошонун айынан ажырашып кетишсе чырактай балдардын абалы эмне болмок…

Көрсө молдокебиз буга чейин эле аялдарды үйүнө алып келип жүргөнүн көргөндөр бар экен. Аз келгенсип, секцияда жашаган жаш кыздарды пицца, шашлыкка чакырып чыгыптыр четинен. Алар да айтат, “уяты жок адам экен, биз болгону 19-20 жаштабыз, өзүнүн кызындай эле болуп” дешет.

Эээх… чиркин.. коомдо ушундай куураган чала молдолордун канчасы бар. Чыныгы таалим алып, дин жолуна кызмат кылгандарга катуу тийбесин сөзүм, бирок бул чындык, динге жамынып жаман иш жасагандар, оозунан Алланы түшүрбөгөн менен кылганы дал келбегендер көбөйдү.