Коом

“Бүгүнкү «күмүшүңүз» алтынга тете”. Марипов Айсулуу Тыныбекованы куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Токиодогу XXXII жайкы Олимпиадалык оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча күмүш медаль алган Айсулуу Тыныбекованы куттуктады.

«Айсулуу, мен сизди Олимпиадада ийгиликтүү оюн көрсөткөнүңүз үчүн чын ниеттен куттуктайм. Жалпы мекендештердин атынан сизге айтарым – сиз Азаматсыз! Бүгүнкү «күмүшүңүз» алтынга тете. Бул жалпыбызга зор дем берет. Биз сиз жана Олимпиадалык курама команданын жалпы мүчөлөрү менен сыймыктанабыз. Айсулуу, сизге жана сиздин ата-энеңизге жеңиш үчүн, жаркын маанай үчүн, өз өлкөбүз үчүн сыймыктануу мүмкүнчүлүгүн тартуулаганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз!», – деди Улукбек Марипов.

Ал белгилегендей, олимпиадалык оюндар ата мекендик спортчулар үчүн эл аралык аренадагы жаңы жана бийик жеңиштерге секирик жасоо үчүн жол салып, өлкөдө спортту жайылтууга жана ага жаштарды тартууга өбөлгө түзөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button