Маданият
Эгемендүүлүк майрамы борбордук аянтта белгиленет
Бишкек шаарынын мэриясында Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктар боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, райондордун акимдери майрамга даярдык көрүү боюнча пландары тууралуу маалымат беришти.
«Борбордук аянтта майрам уюштуруу боюнча иш планы көтөрүлдү, райондордо майрам уюштуруунун бирдиктүү концепциясы сакталып, жооптуу кызматтар жана кызматкерлер дайындалды», — деп айтылат маалыматта.