Спорт

Криштиану Роналду голдордун саны боюнча дүйнөлүк рекордду жаңыртты

Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду улуттук кураманын беттештеринде киргизген голдорунун саны боюнча дүйнөлүк рекордду жаңыртты.

Футболчу улуттук курама команданын голдорунун санын 110го жеткирди жана 1993-2006 -жылдар аралыгында Иран курама командасында 109 гол киргизген мурдагы ирандык чабуулчу Али Дашини утуп дүйнөлүк рекорд койду.

Роналду экинчи таймга кошулган алтынчы мүнөттө зүнүн 111- голун каршылаштарынын дарбазасына киргизди.

«Мен абдан кубанычтамын, мен рекордду жаңыртканым үчүн гана эмес, ошол өзгөчө учур үчүн дагы. Биз оюндун аягында эки гол киргиздик. Бул абдан оор болду, бирок биз команданын кылганын баалашыбыз керек. Күйөрмандар аягына чейин ишеништи. Мен абдан кубанычтамын «,- деди футболчу.

Ошентип, Португалия курама командасы 2022 -жылдагы Дүйнө чемпиондугун тандоодо Ирландиянын командасын жеңди. Жолугушуу 2: 1 эсеби менен аяктады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button