Outdoor portrait of a sad teenage girl looking thoughtful about troubles

Жашоодо көрө албастык, ичи тардык адамдарга кайдан келет? Кезинде кетирген ката, кийин орду толгус жоготуу болорун бүгүн бир кезде менден баш тартып, ушактын курмандыгы болгон адамга кезиккенде дагы бир ирет билдим. Азыр канчалык карайлап, бир болуунун амалын издеп, тоого ташка баш урсак да, өтө кечигип кезиктик…

Студент болуп шаарга келип, көп кабаттуу үйлөрдүн бирине чогуу окуган группалаш кыздар менен жашап калдык. Жаныбызда эки баласы менен  бир жаш үй-бүлө турушат. Эже кечке үйдө отурганга зеригип кээде биздин жаныбызга келип кобурашып отуруп, анча-мынча сабактан келдиңер деп тамак берип калат. Бир күнү эже адатынча кызын ээрчитип, алма көтөрүп келип калды. «Айылдын алмасы жегиле витамин» деп. Айылдын алмасы даамы канттай, тиштесең  карсылдап суусу чачырайт.

Сөздөн-сөз чыгып,эжеден жолдошу менен кантип таанышып калганын сурадык:

—Оой кыздар сурайсыңар да. Биздин таанышуу өзгөчө романтика болгон, — деп күлүп калды.

Эженин айтуусунда, эже Көлдөн шаарга келе жатып маршруттан эсин жоготот, ошондо жанында отурган жигит бетине суу бүркүп жардам берет. Ошентип экөөсү таанышып, жигит кызды үйүнө чейин жеткирип, сүйлөшүп калышат.

Бул окуяны уккан күндөн тартып, кыялымда мен да дал ушундай күйүмдүү, камкор жигитим болушун самап жүрдүм. Мезгил өтүп үчүнчү курска көчкөндө биздин паралель группада окуган Аскат аттуу жигит экөөбүз жакын болуп, кыз жигит болуп сүйлөшүп баштадык. Биз университетти аяктаган сон баш кошууга антташтык.

Бирок, ар бир чөйрөдө  өзүнө жараша бир сөз ташыган, бирөөнүн ийгилигин көрө  албаган адам болот эмеспи. Мен болгон сырымды айтып, ал мага кеңешин берип, кээде  таарынып капа болгондо жанымда болгон курбум, бактыма балта чабат деп түк ойлогон эмес элем.

Окуу жайды аяктоо алдында диплом иштерин жазып жүрүп, кокусунан ооруп калдым. Дарыгерлер «каныңыз өтө аз экен, ашказанда гастрит бар» дешип,  башка жактарга да анализ тапшырып көрүүмдү сунушташты. Айылдан апам келип, дарыгерге көрүнүп, 15 күндөй ооруканага жатып дарыланып чыкттым. Бул күн аралыгында чогуу окуган кыздар келип жатышты. Бирок, Аскат бир да жолу келген жок. Көрсө, группадагыларга ,  «боюнда бар экен»  деген сөз тараптыр. Аны уккан Аскаттын оюу бузулуп, мага таарынып, курбу кызымдан эмне болгонун сурайт. Баарын билип турса да курбу кызым, «анын кыялы жаман, сага көптөн бери айталбай жүргөм, ал сага татыктуу эмес» деген бир топ сөздөрдү айтып, Аскатты тескери жолго салат.

Ошентип окууну аяктап, дипломду колго алып, баарыбыз коштошуу кечеге чогулдук. Бирок, Аскат келбеди. Башка балдар анын айылга кеткенин айтышты. Ошондо да жаман оюмда балким тойго камданып жүрөт деген ой жүрөгүмдү жылыткан.

Апам менен атам:

— Окуйм деп жүрүп, арыктап ооруп да калыпсың, айылда бир аз эс ал, анан жумуш караштырасың, — деп айылга алып кетишти.

Айылда жүргөн менен ой санаамдын баары Аскатта. Телефонду улам карайм.  Алгач сагындым анан таарындым, кээде жазсамбы, чалсамбы деп ойлоп ал ойдон кайра тартам. Күтүүлөр күзгө өттү, күн суутуп, кар себелегенде, менин да көңүлүм муздап үмүтүм өчүп баратты. Бир күну курбу кызым чалып Аскаттын башкага баш кошконун айттып үлпөт тоюнан сүрөт салды. Муздак жүрөк дагы тоңду, кыштын ызгаар суук, бороону жүрөгүмдө жашап, өзүмө келе албай бир топ  кыйналдым. Ошондой күндөрдө кошуна айылдын балдары ала качышты. Отурбайм деп чуу салып, ичимден, Аскат башкага баш кошсо мен турмушка чыга албаймынбы деп ойлодум. Акыры турмуш жолуна аттанып, жолдошум менен нике ысык болуп жашап калдым. Жолдошум жакшы адам, көңүлүмө карап турат.

Арадан убакыт өтүп, эки балалуу болуп калганда кокусунан шаарга иштер менен келип, таксиге чыктым. Эмнегедир отурар менен жүрөгүм башкача согуп, айдоочунун өңү жылуу учурайт. Көргөн көзүмө ишенбейм, Аскат! Болушу мүмкүн эмес, ал да мени күзгүдөн карап каректер чагылыша түштү.  Бир саам карашып турган соң, ал жай сурашып группалаш деп сүйлөшүп келе жаттык. Акыры Аскат чыдабай жол жээгине токтоп, менден кечирим сурап, азыр өкүнүп жатканын, аялы менен ажырашканын айтты. Эмне үчүн кабарсыз кеткенин сурасам, курбумдан эмне болгонун сураганын, менин боюмда болуп калганы ага аябай катуу тийгенин, ызасына чыдабай башкага  баш кошконун айтты.

Аны баары ойдон чыгарылган сөз экенин, мен жөн гана гастрит болуп ооруганымды, азыр бактылуу экенимди баса белгилеп айттым.

Карачы ушактын күчүн, ортодо канча адам азабын тартты. Бирок, мага көрө албастык кылган курбум, экинчи ирет турмушка чыгып ажырашыптыр.

Адам баласы чындыкка караганда жалганга бат ишенип, териштирбей туруп чечим чыгарууга шашат экен. Турмуш баарынан да сенин ишеничиңе кирип, сенин ийгилигиңе кубанган түр көрсөтүп, артыңдан сөз тараткан адамдан алыс болуу керек экенин жогорудагы окуядан улам үйрөттү. Азыр да бир сөз уксам чын төгүнүн билмейинче жаным жай албайт…

Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.