Адамда сезимдер өчүп, кыялдануудан баш тартканда, максаттар жел болуп учуп кетет экен. Ар бир ойгонгон таңым менен ар башкача адам болуп ойгоно баштадым. Оройлондум, катууладым, мерез болдум. Көрсө бакыт  адамды жумшартат экен, бактысыздык адамды таш боор жанга айлантаарын билдим. Сиз экөөбүз эми чоочун адамдарбыз. Мурункудай мендик эмессиз! Жолдор эки бөлөк, эки айрылыш.

Бул сөздөрдүн жаралышына  бир гана адам себептүү. Дал ошол адамдын артынан, акты карадан ажыратып, жашоого болгон көз карашым түп тамыранан өзгөрдү.

Мени орто жолго таштап баса бердиңиз. Башында кабыл алып, моюнга алгым келбей жүрдү. Ажырашканыбызга 4 ай болгондо үйлөндүңүз. Анда дагы баш  ийбедим, ишенбей жүрдүм. Качан гана мага кийгизбеген ак көйнөктү ошол аял кийген күнү үмүттөрүмдүн баары күзгү жалбырактай күбүлүп жатты. Тоюңуз бүткөн түнү келдиңиз, ичимдеги ызамды катып гана жүрөгүмдөн ыйлап турдум. Башка айлам жок эле. Сездирбедим, билдирбедим. Жан дүйнөмдүн ачуу кыйкырыгын эч ким уккан жок. Андан бери далай ирет келип кетип жүрдүңүз, бирок ар келгениңизде көңүлүмдүн ар жери сынып жатты. Талкаланган айнек сымал бырчаланды, бырпырап жерге түштү. Көңүл сынса эң жаман тура…

Кээде ойлонуп өткөн күндөрүмө саресеп салам. Туура, кезинде бир канча жигиттер сөз айтып, артыман жүрсө аларды «ойнойт» дедим. Алардын арасында бир жигит азыркы күнгө чейин абалымды сурап, сиз канатымды сындырып, тагдырыма кетпес так салганда да жанымда болду. Аны жөн гана достук мамиле деп коюп жатам. Жок, ал дос эмес көрсө чыныгы менин баркымды билип, кыйын кезде, кубанганда жанымда болуп, чындап сүйгөн адам экен. Аны да эми билдим. Жаш кезде колумду сурап, сүйөрүн айтканда каадаланып койбодум беле. Балким ошонун да жазасын алдымбы деп ойлоп калам. Азыр анын да бүлөсү бар. Бирок, ал кандай абалда калбайын кашымдан табылып жардамын берип турат. Сизге турмушка чыкканымда, балалуу болгондо ар убак куттуктап, эки башка жолго түшүп, ыйласам кубаттап турду.

Жашоо баарын өз ордуна коет тура. Балким менин тагдырым ушундай болушу керек чыгар. Эмнеси болсо да, жараткан жакшы адамдарга жанаштыр деп тилейм.

Мен эми өз жолумдагы бакыт көчөсүнө алып бараар жанды издей баштадым. Бул сапар, бакытка окшогон жолоочуну эмес, чыныгы бакыттын шамын кармап келген жанга жолуккум келет. Сизден дагы артык сүйүп, өзгөчө сүйүлүп, мээримге бөлөнүп, бир өмүр гана эмес, эки дүйнөлүк бакытыма жолугуп, ошол адамдын кучагында мурунку көргөн азаптарымды, армандарымды, көз жаштарымды унуткум келет.

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.