Саясат

Алмамбет Шыкмаматов кызматынан кетти. Себеби

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-сентябрда, өлкөнүн Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды.

Мамлекет башчысы Шыкмаматовдун чет элдик капиталдык салымдардын агымын көбөйтүү жана инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу алдын ала маалыматын укту.

Шыкмаматовдун айтымында, ушул жылдын биринчи жарымында чет элдик түз инвестициялардын агымы 95,4%га көбөйгөн. Учурда илгерилетүүдө 323, 5 млн доллар суммасындагы 5 долбоор турат.

Быйыл жалпы суммасы 75 млн долларлык эки долбоор ишке кирген. Министрлик тарабынан соода-өнөр жай палатасын реформалоо боюнча иш жүрүп, инвестициялар жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип, кыргыз-өзбек жана кыргыз-венгер өнүктүрүү фонддору ишке киргизилип жатат.

Аны менен бирге, Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу каалоосун айтып, буга байланыштуу Инвестициялар министри ээлеген кызматынан отставкага кетүү жөнүндө арыз жазуу ниетин билдирди.

Мамлекет башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун отставкасын кабыл алууга даяр экенин билдирип, анын аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык Инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовго «Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» класстык чини ыйгарылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button