Саясат

Садыр Жапаров: Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү элдин жашоосу менен жакындан тааныш болушу керек!

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында, өлкөнүн жаңы Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүүсүндө сөз сүйлөдү.

“Урматтуу депутаттар, биринчиден, “Министрлер Кабинети жөнүндө” мыйзамды кабыл алып бергениңиздер үчүн сиздерге ыракматымды айтамын. Экинчиден, менин сунушумду колдоп Өкмөттүн курамына макулдук бергениңиздер үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Муну менен үстүбүздөгү жылдын апрелинде жалпы элдик добуш берүү аркылуу кабыл алынган Башмыйзамыбыздын толук кандуу иштеп баштоосуна жол ачып бердиңиздер.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы  жана мүчөлөрү жаңы жооптуу кызматка дайындалышыңыздар менен куттуктайм. Ошол эле учурда сиздердин алдыңыздарда элдин жүгүн аркалап, калктын үмүтүн актоо милдети тургандыгын баса белгилеп кетейин. Мамлекетибиздин, элибиздин келечеги үчүн жан үрөп, талыкпай, тынымсыз иш алып барасыздар деген ишеничим бар. Сиздердин алдыңыздарда олуттуу жана тез арада чече турган бир катар тапшырмалар турат.

«Өтүгү жокко өзүм барам, тону жокко салам айт» дегендей,  астыбызда кыш келе жатат.

Министрлер Кабинети, элдин камын көрүп, даярдык иштерин активдүү улантыңыздар!

“Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа” дегендей, сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр коомчулук менен бирге Мамлекет башчысы катары менин дагы тыкыр көзөмөлүмдө болорун эсиңиздерге сала кетейин.

Ошондуктан ар бириңер мамлекеттик кызыкчылыкты бийик тутуп, өзүңөргө жүктөлгөн тиешелүү иш-милдеттерди таза, так, ыкчам аткарышыңыздар зарыл.

Бул ирет элдин бийликке болгон ишенимин кайтарып берели!

Күнү-түнү иштеп, мамлекетти оор абалдан алып чыгууга татыктуу салым кошуу сиздердин өлкө алдындагы адамдык дагы, жетекчилик дагы милдетиңиздер!

Мындан ары талаптар катуу болот. Жарандардын кайрылуулары жоопсуз калбай, оң жагына, ыкчам чечилүүгө тийиш.

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү элдин жашоосу менен жакындан тааныш болушу керек!

Элге жакын болуп, аймактардагы көйгөйлөрдү жатка билишиңиздер зарыл.

Ошону менен бирге аймактардагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун, өзүңүздөр да билгениңиздерди сунуштаңыздар!

Жалпы министрликтер мыйзам чыгаруу органы болгон Жогорку Кеңеш жана башка аткаруу органдарынын жетекчилери, аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  — айыл өкмөттөрдүн башчылары менен тыгыз иштешүүнү талап кылам.

Мурдагыдай жогорудан буйрук берип коюп күтүп отурмай, статистикалык маалыматтарды чогултмай, аймактарга же түзүмдүк бөлүмдөргө дүжүр жоопторду берип коюп, маселени натыйжалуу чечпей, бюрократиялык кылып, эптеп кутулмай көрүнүштөр жоюлушу кажет.

Мындай министрлер дароо кызматтан алынасыңар!», — деди мамлекет башчысы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button