Коом

Быйыл өлкөдө буудайдын түшүмү аз болду

Быйыл дан эгиндеринин түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу аз болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында жырыяланды.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрга карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 533 миң гектар аянттан жыйналып алынды. Бул өткөн жылдын ушул күнүнө караганда 0,9 пайызга аз. Ушул жай айларындагы ысык аба ырайы жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздигинен дан эгиндердин түшүмдүүлүгү аз болду. Республика боюнча буудайдын дүң жыйымы 42,1 пайызга, арпанын — 48,7 пайызга, бакча өсүмдүктөрү — 14,6 пайызга, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү — 6,5 пайызга, картошка — 5 пайызга жана жашылчанын түшүмү — 1,6 пайызга кыскарды.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button