Саясат

“Президенттин кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандары айрым кызыкдар тараптар тарабынан бурмаланууда”

Мындай пикирин Президенттин басма-сөз катчысы  Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында,  чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт.

“Президент Жапаровдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча айткандары айрым кызыкдар тараптар тарабынан бурмаланууда. Алар эки тарапты кайраштырууга аракет кылып, соцтармакка ар кыл жалган, текстти өз сөзү менен окуган видеоматериалдарды салышууда.

Албетте, чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынышы керек. Ошондо гана биз бул көйгөйдү тынчтык жолу менен чече алабыз. Кыргыз тарап, биз бир пикирге келип жана бардыгын тынчтык жолу менен чечебиз деп ишенет», — деген ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button