Кылмыш-кырсык

УКМК: Ысык-Көлдө кайра иштетүүчү заводдон 50 тонна алтын, күмүш концентратын мыйзамсыз алып чыгуу фактысы аныкталды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Сырт зонасында жайгашкан кайра иштетүүчү заводдон калай, вольфрам, алтын, күмүш жана башка химиялык элементтерди камтыган концентратты мыйзамсыз алып чыгуу фактысын аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Жазык кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүгү (Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда УКМК кызматкерлери тарабынан капка салынган химиялык элементтердин концентраты менен мамлекеттик үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кармалды, жалпы салмагы 50 тоннадан ашкан.

Автотранспорт каражаттарын кароодо ташылган жүктүн товардык-транспорттук документтеринин реквизиттеринде полиграфиялык жабдууларда өндүрүш түрүндөгү жасалмалуулуктун белгилери аныкталган.

Буга байланыштуу унаалар УКМКнын Ысык-Көл облусуна караштуу аймагына киргизилди.

Учурда концентраттарды мыйзамсыз алып чыгууну уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо, мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыянды, кендерди иштетүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button