Коом

Шашылыш билдирүү: Күн суутуп, кар жаайт!

4-5-ноябрда түнкүсүн аба-ырайынын кескин өзгөрүлүп көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт,  кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдап, шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, өрөөндөрдө жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде жаан катуу жаайт. Зым, бактарга суу кар жабышып, тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

4-6-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10 градус, күндүз -2…-7 градус, Таласта түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз -3…-8 градус болушу ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 0…5 градус болсо, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз -1…-6 градус муздайт. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15 градус, күндүз -2…-7 градус, тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26 градуска чейин жетип, күндүз -10…-15 градус суук болушу ыктымал.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындата турганы айтылды.

 

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button