Саясат

«Ишеним» партиясынан талапкер Алимжан уулу Санжар үгүт иштерин Кашкар айылында улантты

«Ишеним» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алимжан уулу Санжар,  Кашкар кыштак айылынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл тургундары талапкерге көптөн бери чечилбей келген көйгөйлөрүн айтышып, талапкердин программасы менен таанышты.

Өз кезегинде талапкер Алимжан уулу Санжар алдыдагы жарышта жеңишке жетишсе, жергиликтүү жашоочулардын үнүн керектүү органдарга жеткирип, маселелерди чечүүдө эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп татыктуу кызмат өтөөрүн айтып өттү.

Айыл тургундары талапкерге ийгилик каалап, анын борбордогу токума жана тигүү цехтерди иштетип, Бишкек шаарында 200гө жакын жаранды жумуш менен камсыз кылып жатканына ыраазычылык билдиришти. Келечекте айылдарда ушундай чакан цехтерди ачып, айыл тургундарын жумуш менен камсыздоо сунушун айтышты.

«Ишеним» саясий партиясы №9

Алимжан Уулу Санжар номер №29

“Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күб.№6, 01.09.2021 ж.).

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button